Массалык башаламандыктарга шектелип дагы эки жаран кармалды
Ички иштер министрлиги массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелген дагы эки жаран кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин 9-февраль күнү интернет булактарында жана ЖМКларда тараган маалыматтарга байланыштуу бир нече жаран аныкталып, кармалган. Алардын аракеттери коомдогу саясий чыңалууну күчөтүүгө, коомдук ажырымды жаратууга жана өлкөдөгү туруктуулукка терс таасир тийгизүүгө багытталган деп шектелүүдө.
Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмү (Массалык башаламандыктар) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмыш ишинин демилгечилери жана активдүү катышуучулары катары 1966-жылы туулган А.К. жана 1968-жылы туулган К.А. аттуу жарандар аныкталып, кармалды. Алар массалык башаламандыктарды уюштурууга жана башка кылмыштарга катышы бар деген негизде шектелүүдө.
Шектүүлөр Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алардын жашаган даректеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалгандар айрым жарандарды бириктирген топ түзүп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча кайрылууларды уюштурууга жана коомчулукка такталбаган маалыматтарды жайылтууга аракеттенишкен.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
ИИМ жарандарды чагымчыл жана такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө жана аларды таратпоого чакырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















