Кулубаев Германиянын тышкы иштер министри менен жолукту
Бүгүн, 11-февралда Берлин шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефул менен жолугушту.
ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экенин билдирип, парламенттер аралык байланыштарды жана эки тараптуу сапарларды активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Министр Кулубаев Кыргызстандагы акыркы социалдык-экономикалык өсүш жана гидроэнергетика, туризм, айыл чарба, транспорт сыяктуу тармактарда Германиялык компаниялар менен кызматташууну кеңейтүү боюнча сунуштарын айтты.
Ошондой эле тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибинде, БУУ, ЕККУ жана Европа Бирлиги менен кызматташтыкты талкуулашты жана санкциялар маселесинде конструктивдүү диалог жүргүзүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















