Германияда жүздөгөн адам өкмөттүн милитаризация саясатына каршы митингге чыкты
Германияда өкмөттүн өлкөнү милитаризациялоо аракеттерине каршы митингдер өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, митингдин катышуучулары айлык-маянаны минимум 300 еврого көбөйтүүнү, кошумча иш сааттары жана оор шарттагы иш үчүн төлөмдү талап кылышкан. Акциянын катышуучулары ошондой эле өкмөттүн Украинага курал жөнөтүү саясатын сынга алышып, жумушчулардын кызыкчылыгы үчүн башка саясатты колдоону чакырышты.
Демонстранттар герман, орус жана украиналык жумушчулардын биригүүсүн колдой турганын билдирип, НАТОнун "империалисттик саясатына" каршы турууну көрсөтүштү.
Митингге ар кандай секторлордон: туберкулёз диспансерлеринен, театрлардан, жергиликтүү администрациялардан, күч түзүмдөрүнөн, университеттерден, ошондой эле бала бакчалардан жана мектептерден кызматкерлер катышкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















