Сергей Лавров: “АНО “Евразия” кыргыз багытындагы негизги оператор”
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Мамлекеттик Думадагы “Өкмөттүк саат” маалында АНО “Евразиянын” президенти Алёна Аршинованын евразиялык билим берүү мейкиндигин өнүктүрүү боюнча суроосуна жооп берди. Ал президент Садыр Жапаровдун бул иштеги маанилүү ролун белгилеген.
“Ар бир өлкөдөгү билим берүү стандарттары суверенитеттин бөлүгү болуп саналат жана бул позицияга урмат көрсөтүү керек. Практикада мен орус - кыргыз долбоорун белгилейт элем, ал Жапаровдун демилгеси менен башталган. Бул долбоор мектеп жана жогорку окуу жай программаларын гармонизациялоону камтыйт", - деген Лавров.
Министр белгилегендей, долбоордон оң натыйжалар чыкса, мындай көп тараптуу кызматташтык формалары башка КМШ өлкөлөрүнө да сунушталышы мүмкүн.
“Биз АНО “Евразия” менен кызматташууну улантабыз, ал кыргыз багытындагы негизги оператор болуп саналат. Башкаруу органы - Билим берүү министрлиги, жана Тышкы иштер министрлиги муну менен активдүү катышат. Бул абдан перспективалуу. Ошондой эле орус тилин өнүктүрүү, жаңы эл аралык уюмдардын алкагында жана башка форматтарда да мыкты келечеги бар”, - деди Сергей Лавров.
Алёна Аршинова Орусиянын Тышкы иштер министрлигине, анын ичинде Тоолуу Карабахтан Арменияга көчүрүлгөн качкындарга гуманитардык жардам көрсөтүүгө жана Кыргызстан менен эффективдүү кызматташтыкты түзүүгө көмөктөшкөнү үчүн ыраазычылыгын билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















