УКМК акыркы окуяларга байланыштуу коомчулукту фактыларга таянууга чакырды
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетишинен кийин маалымат мейкиндигинде атайын кызматты каралоого багытталган бир тараптуу билдирүүлөр көбөйдү. Бул багытта УКМКнын маалымат борбору билдирүү жасады.
Анда мындай аракеттер жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимине доо кетире тургандыгы айтылды. Мындан тышкары, УКМК Конституциянын жана мыйзамдардын алкагында иш алып барары, кызматкерлер Башкы кол башчыга баш ийери жана алардын негизги максаты – улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, конституциялык түзүлүштү, жарандардын укуктарын коргоо, терроризм, экстремизм жана коррупцияга каршы күрөшүү экени баса белгиленет.
Ошондой эле атайын кызмат коомчулукту, ЖМК өкүлдөрүн жана айрым саясатчыларды фактыларга таянбаган сын-пикирлерден алыс болууга чакырды. Комитет өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу иши мындан ары да ырааттуу улантыларын кошумчалады.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















