Шайлоо өткөрүүнү сунуштагандар суракка алынып, айрымдары кармалды. Себеби эмнеде?
Кечээ, 11-февралда президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү демилгелеген 75 адам суракка алынганы белгилүү болду.
Ички иштер министрлиги алгач топтун активдүү мүчөлөрү болгон деген негизде коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмил Узакбаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманбек Дыйканбаев кармалганын кабарлады.

Көп узабай эле ИИМ аталган топтун дагы эки мүчөсү, тагыраагы, мурдагы вице-премьер-министр Аалы Карашев жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалганын билдирди.
Министрликтин маалыматында алар Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык баш аламандыктар" беренеси менен шектелип жатышканы айтылат. ИИМ аларды президенттик шайлоо боюнча коомго такталбаган жана чагымчыл маалымат таратышканын белгилөөдө. Министрлик алардын жашаган даректеринде да тинтүү иштери болгонун тастыктады.
Кечээ күнү ИИМ маалымат берелектен алдын 75 адамдын айрымдары суракка алынып жатышканы тууралуу маалыматтар чыккан.
Бийликтин түшүндүрмөсү
Ал министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагалык кызматынан алынган Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымга президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгеси себеп болгонун билдирди.

Байсалов акыркы убакта генералдын атын жамынган саясий эски жүздөрдүн тымызын аракетинен улам өлкөдө каршылашкан, опурталдуу абал түзүлгөнүн белгиледи.
"Алар көп жылдар бою туруктуулукту камсыз кылып келген тең салмактуулукту бузуп башташты. Натыйжада түшүнүксүз жагдайлар пайда болду. Коомдо кош бийлик, мөөнөтүнөн мурда шайлоо зарылдыгы жана азыркы бийлик мыйзамсыз отурганы тууралуу пикир жарала баштады. Дал ушул чагымчылдар жана алардын амбициялары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымды пайда кылып, бул коомду жана мамлекетти бөлүп-жаруу коркунучун туудурду", - деп жазды ал Facebook баракчасында.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун 10-февралдагы Ташиев боюнча түшүндүрмөсүндө камакка алынган Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаевдин аттары аталган.
"Кеп, Камчыбек Ташиевдин атын жамынып алып Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштап, коомдук ишмер, интеллингенция өкүлдөрүнө чейин телефон чалышып, “Генерал жакка өткүлө, буга кол койгула, мындай кылалы, тигиндей кылалы” деп ар кимди ар кыл аракеттерге шыкактап, бул аракеттери менен коомчулук ичинде, анын ичинде Жогорку Кеңеш өңдүү мамлекеттик түзүмдөрдөгү жооптуу кызматтагылардын арасында начар жагдайдын жаралышын шарттаган Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев өңдүүлөр жөнүндө сөз болууда", - деген ал.
Эдил Байсалов президенттик шайлоо келерки жылдын январь айында, тагыраагы, белгиленген мөөнөттө өтө турганын билдирди.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















