Баткенде жол тейлөө техникасы тапшырылып, асфальт-бетон заводу ишке кирди
Баткен облусунда саатына 35 тонна асфальт өндүргөн асфальт-бетон заводу колдонууга берилип, Япониянын JICA агенттигинин колдоосу менен 43 даана жол куруу жана тейлөө техникасы тапшырылды. Бул тууралуу облустук жетекчиликтен кабарлашты.
Маалым болгондой, техникаларды тапшыруу аземи “Баткен облусунун автомобиль жолдорун жана жол катмарын тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу” долбоорунун алкагында орун алды.
Иш-чарага Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити, JICA'нын туруктуу өкүлү Нишигато Котаро, транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Бекназар Базаралиев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Белгилей кетсек, 2025-жылы облус боюнча 84 чакырым жол асфальтталып, 56 чакырым шагыл жол курулган. Быйыл 300 чакырым жолду асфальттоо жана 100 чакырым шагыл жолду куруу жана оңдоо пландалууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















