super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Конституциялык сотко кайрылды

 

Өлкө башчысы Садыр Жапаров президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу Конституциялык сотко кайрылды.

Кечээ, 11-февралда Конституциялык сот мамлекет башчысынын сунуштамасы келип түшкөнүн кабарлап, кайрылууда коомдук-саясий мейкиндикте жана эксперттик чөйрөдө өлкөнүн иштеп жаткан президентинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү, ошондой эле кезектеги же мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча кызуу талкуу башталганы себеп катары көрсөтүлгөнүн белгиледи.

"Муну менен катар бийлик жана шайлоо маселелери коомчулук үчүн маанилүү болгон шартта мындай кайчы пикирлердин сакталышы бул укуктук талаш-тартыштардын курч саясий тирешүү мейкиндигине өтүүсүнө, мамлекеттик институттарга болгон коомчулуктун ишенимине доо кетирүүгө, бийлик органдары тарабынан кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн тобокелдиктерди жаратууга жана социалдык чыңалуунун күчөшүнө өбөлгө түзөт",- деп айтылат маалыматта.

Конституциялык сот Жапаров кайрылуусунда президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча Башмыйзамдын жоболорун чечмелөөнү суранганын белигилейт.

Эске салсак, 9-февралда мурдагы саясатчылар, мурдагы депутаттар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан.

Кечээ, 11-февралда ИИМ аталган топтун адамдары суракка алынышып, 5 жаран кармалганын билдирди. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү сунушу эмнеге алып келди? Бул шилтемеден окуңуз.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: