Төрага Нурланбек Тургунбек уулу отставкага кетүү ниетин билдирди (видео)
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кетүү ниетин билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин бүгүн, 12-февралдагы жыйынында айтты.
Айтымында, ал кызматты өз каалоосу менен тапшырып жатат.
"Мен бир же эки адамга кызмат кылбайм. Мен кыргыз элине, Кыргыз парламентине кызмат кылып келе жатам. Мындан ары дагы кыргыз элине, парламентине, мамлекетине кызмат кылам",- деди төрага.
Тургунбек уулу кошумчалагандай, эми ал Жогорку Кеңештин депутаты катары кызматын уланта берет.
"Бул менин жеке чечимим. Мага эч ким басым, кысым көрсөткөн жок. Ага жол да бербейм.
Президент Садыр Жапаров баштаган саясий реформалар толук аягына чыгыш керек. Бизде саясий туруктуулук болушу зарыл. Ушул максатты көздөп, мамлекетчилдик сезим менен ушундай чечим кабыл алып отурам",- деди төрага.
Белгилей кетсек, Тургунбек уулу 2025-жылдын декабрь айында VIII чакырылышта төрага болуп шайланган.
12.02.25
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















