super.kg logo
  Саясат  

"Элди саясатчылар бөлүүдө..." Депутат Талиева вице-премьерлердин бирин блогер деп атады (видео)

 

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева министрлер кабинетинин орун басарларынын бирин блогер деп атап, анын УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев тууралуу айткандарын сынга алды.

Анын айтымында, коомчулуктун эки ажырымга бөлүнүп жатышына саясатчылар негиз болушууда.

"Президенттин жанындагы вице-премьер-министр чыгып айтып жатат. Камчыбек Кыдыршаевичтин ишин жокко чыгарууда. Алгач Камчыбек Кыдыршаевичке окшоп биринчи иш кылсынчы. Социалдык тармактын бир маселесин түшүнбөй туруп, жөн эле блогер. Жүгүрүп чыгып, чакырык жасап жатат. Кимдир-бирөө элди бөлүп-жаргандай. Эл бөлүнгөн жок. Элди бөлүп жарган ушул саясатты кылган бийликтегилер болуп жатат. Ошол вице-премьер элди бөлүп-жарып жатат. Тарых үчүн айтып коёлу. Адилеттикти айткан үчүн эл душманы көрөр. Чоң саясатта жүрөбүз, чыдайбыз. Саясат таза болбосо элдин шору",- деди Калиева.

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өлкө башчы Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагалык кызматынан алынган Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымга президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгеси себеп болгонун билдирген.






Депутат Камила Талиева социалдык тармактын вице-премьерин блогер деп атады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: