"Эки досту ымалага чакыралы". Депутат Камила Талиева кесиптештерине кайрылды (видео)
Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева президент Садыр Жапаров менен УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин ортосунда пикир келишпестик жаралса, аларды ымалага чакыра турган орган парламент экенин билдирди.
Эл өкүлү эки тарапты жарашууга чакыруу демилгесин көтөрүп, бул багытта кесиптештерин да активдүү болууга үндөдү. Анын айтымында, өлкөдө туруктуулукту жана коомдогу ынтымакты сактоо баарынан маанилүү.
"Парламент чоң аянтча. Президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Кыдыршаевичти ымалага келтирип, ынтымакка чакыра турган жербиз. Келгиле, биз кайрылуу кылалы. Ачуу чындыкты кимдир-бирөө айтышы керек. Президентке кайрылуу жасайлы. Чогуу келдиңер, оор учурларда жүктү чогуу көтөрдүңөр дейли. Камчыбек Кыдыршаевич жөнөкөй киши эмес. Кечээтен бери күтүп жатам, жанында жүргөндөр, жыргалын көргөндөр айтып калар деп. Жигиттерден бирөө чыгып "эки дос урушпаш керек, жараштыралы" деген сөздү айтаар бекен деп күттүм",- деди Талиева депутаттарга.
Мындан тышкары, эл өкүлү парламенттин спикери Нурланбек Тургунбек уулунун өз каалоосу менен төрагалыкты тапшырып жатканын "жигиттик" деп сыпаттап, баарын ынтымакка чакырды.
Депутат Камила Талиева кесиптештерине кайрылды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















