"Кызмат колдун кири". Жанар Акаев Нурланбек Тургунбек уулунун ишмердүүлүгүнө баа берди (видео)
Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев кыргыз парламентти Борбордук Азия өлкөлөрүнө мыкты үлгү боло алганын айтып, ага Нурланбек Тургунбек уулунун салымы бар экенин белгиледи.
Жыйында эл өкүлү Тургунбек уулунун төрага катары ишмердүүлүгүн жогору деп баалап, парламентте саясий оюндарга дайыма чекит коюп келгенин айтып өттү.
"Кыргыз парламентти саясий маданият, саясий процесстер жагынан Борбордук Азия өлкөлөрүндө мыкты үлгү көрсөтүп келе жатат. Нурланбек Тургунбек уулу, сиз мыкты иштедиңиз. Кыргыз элине ак кызматыңызды өтөдүңүз. Бардык жерде жүзүңүз жарык. Парламентте саясий оюндарга дайыма чекит койдуңуз.
Иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүдөн баштап, конституциялык мыйзамдарга чейин иш алып бардыңыз. Мыкты мыйзамдардын ишке ашышына төрага катары салым коштуңуз. Ошондуктан сиз менен иштешкенибизди жогору деп баалайбыз. "Эр жигиттин башына нелер келип, не кетпейт" дейт, кызмат колдун кири, ошондуктан муну жеңил кабыл алыңыз",- деди Акаев.
Жанар Акаев
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















