super.kg logo

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" 268 даана трансформатор сатып алат

 
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасы 2026-жылы 268 даана трансформатор сатып алат. Бул тууралуу 12-февралда Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүү планына ылайык республика боюнча кубаттуулуктарды жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлөт. Жогорку чыңалуудагы 35-110 киловольт тармактарында 20 көмөк чордондо күч трансформаторлорунун кубаттуулугу кошумча 256 мегаватка көбөйтүлөт. Анын ичинде:
• Бишкек шаары - 2 даана;
• Жалал-Абад облусу- 5 даана;
• Ысык-Көл облусу - 5 даана;
• Нарын облусу - 2 даана;
• Талас облусу - 2 даана;
• Чүй облусу - 4 даана.
Керектөөчүлөрдү тейлеген 10/0,4 киловольт тармактарында үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн 248 даана трансформатор орнотулат жана кубаттуулугу жогорулатылат. Мунун натыйжасында кубаттуулук кошумча 107 мегавольт-амперге жогорулайт. Трансформаторлор төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:
• Бишкек шаары - 46 даана;
• Баткен облусу - 22 даана;
• Жалал-Абад облусу - 29 даана;
• Ысык-Көл облусу - 28 даана;
• Нарын облусу - 27 даана;
• Ош облусу - 46 даана;
• Талас облусу - 42 даана;
• Чүй облусу - 8 даана.
Бул иштер тармактагы жабдууларды жаңылап, жүктөмдү азайтууга шарт түзөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: