super.kg logo
  Саясат  

Депутат Зулушев: "Мамлекеттик кызмат - менчик эмес" (видео)

 

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев мамлекеттик кызматка келген ар бир жаран кызматтан кетүүнү эстен чыгарбай жүрүшү керектигин айтты. Бул тууралуу пикирин ал парламенттин 12-февралдагы жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кетүү тууралуу билдирүүсүнөн кийин айтты.

"Мамлекеттик кызмат - бул менчик эмес. Мамкызматка келгенде ар бир жаран шайлангандан кеткенин эстен чыгарбай жүрүшү керек. Бүгүн Нурланбек Тургунбек уулу өзүнүн чоң саясий эркин көрсөтүп, акыркы окуяларга байланыштуу өз каалоосу менен төрагалык милдетти өткөрүп жатат.

Нурланбек мырза, ишиңизге ийгилик! Төрага боло электен мурун эле 12-15 жылдан бери жакшы таанышпыз. Кандай адам экениңиз, саясаттагы кандай жеке адамдык мүнөзүңүз бар экенин билебиз. Кызмат бул түбөлүктүү эмес. Элдин өкүлүсүз, элдин өкүлү бойдон калып жатасыз. Бул трагедия кылып, көңүлгө албай турган маселе",- деди депутат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Тургунбек уулу парламенттин бүгүнкү жыйынында кызматын тапшыруу ниетин билдирип, депутаттарга кайрылуу жасаган.






Депутат Зулушев: "Мамлекетти кызмат - менчик эмес"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: