Аламүдүндө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелгендер кармалышты
Аламүдүн районунда ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелип 32 жана 33 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Бишкек шаарынын 40 жаштагы жаран кайрылып, өзүнө анча тааныш эмес жаранга карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 2024-жылы аталган жаран ишенимге кирип, алдоо жолу менен 1 миллион 500 миң сом акчасын жана баасы 20 миң долларды түзгөн минивэн унаасын "кирпич алып келип берем" деп алып, андан соң байланышка чыкпай кеткен. Натыйжада жабырлануучуга 2 миллион 388 миң 148 сом өлчөмүндө ири материалдык зыян келтирилген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен. Тергөөдө 33 жаштагы жарандын Аламүдүн район аймагында жасалган дагы 5 окшош алдамчылык фактысына тиешеси бар экени аныкталган.
Учурда тергөө уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















