Эрулан Кокулов спикер боло турган адамга кайрылды
Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов жаңы шайлана турган парламенттин төрагасына кайрылуу кылды.
Ал бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында спикерликке келе турган адамды кызматын тапшырып берип жаткан парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулундай болбоого үндөгөн сыяктуу билдирүү кылды.
"Бирөөңөр баары бир спикерликке коёсуңар, баары бир бирөөңөр төрагалык орунга отурасыңар. Ошол келе турган төрагага кайрыларым, "мен микрофонду өчүрөм, министрлерди бар кете бер, жумушуңа бара бер, суроосуз узатабыз" деген сөздөрдү айтпайт деп ишенем. Анткени биз эл өкүлүбүз, биз министрлерге айтчуларды айтышыбыз керек",- деди Кокулов.
Айта кетсек, Кокулов өз сөзүндө келтирген цитаталар Нурланбек Тургунбек уулуна таандык. Кокулов менен Тургунбек уулу бир нече жолу кайым айтышканы да белгилүү.
Эрулан Кокулов спикер боло турчу адамга кайрылды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















