Бишкекте сейил бактардагы соода орундары ижарага берилет
13-февралдан тарта Бишкек шаарынын 13 сейил багында жайгашкан 36 соода орунун ижарага алуу боюнча арыздар кабыл алына баштайт. Бул боюнча мэрия маалымдады.
Аталган орундарда балмуздак, суусундуктар, кофе, попкорн, вата таттуусу, балдар оюнчуктары, китеп сатуу, велосипеддерди, балдар унааларын жана каркастуу батуттарды ижарага берүү каралган.
Муниципалдык мүлк боюнча комиссиянын чечимине ылайык, ЖМКларга жарыя берилгенге чейин түшкөн арыздар каралбайт.
Комиссиянын чечимине ылайык, бир жаран бир гана соода ордуна бир арыз тапшырууга укуктуу. Ижара келишими ижара акысын бир жылдык мөөнөткө толук төлөгөн учурда түз берилет. Ижара акысынын өлчөмү комиссия тарабынан белгиленет.
Арыздар ушул жылдын 13-февралынан тартып саат 09:00дөн 16:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Шевченко көчөсү, 25 (бирдиктүү терезе). Өзүңүз менен кошо паспорттун көчүрмөсүн алып келүү зарыл.
Кошумча маалымат алуу үчүн номерлер 0312 97 91 95, (4222).
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















