Парламенттин дагы үч депутаттык тобу Марлен Маматалиевди спикерликке көрсөттү
Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин "Ата-Журт", "Мекенчил" жана "Адилет Кыргызстан" депутаттык тобу да Марлен Маматалиевди парламенттин төрагалыгына көрсөттү.
Парламентте 5 депутаттык топ бар. Ал эми буга чейин "Элдик" жана "Ала-Тоо" депутаттык топтору төрагалыкка Маматалиевди сунуштаган.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн кызматын тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















