super.kg logo

Бишкектеги 7-апрель көчөсүндө жылуулук түтүгү жарылды

 

Бишкектеги 7-апрель көчөсүнүн Медеров жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкесинде жылуулук тармагында авариялык кырдаал катталды.

Мэрия билдиргендей, учурда "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы тарабынан оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул тилкеде 1974 жана 1986-жылдары курулган жылуулук түтүктөрү колдонулуп келет. Кызмат мөөнөтү узарып кеткендиктен, авариялык кырдаал орун алды.

Оңдоо иштеринин жүрүшүндө шаардын түштүк бөлүгүндө жылуулук энергиясын берүү убактылуу чектелиши мүмкүн.

Ишкана аварияны кыска мөөнөттө жоюп, туруктуу жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө. Оңдоо иштеринин аяктоо мөөнөтү тууралуу кошумча маалымат берилет.

Видео: Штраф.кж






Борбордогу 7-Апрель көчөсүндө жылуулук түтүгү жарылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: