"Маркай" тилкесинде мыйзамсыз иштетилип жаткан 8 шахта жабылды
Жалал-Абад облусундагы Көк-Жаңгак кенинин "Маркай" тилкесинде мыйзамсыз иштетилип жаткан 8 шахта жабылды. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз көмүр казууга каршы атайын рейд 10-11-февралда өткөрүлдү.
Алардын тереңдиги 80-120 метрге чейин жетип, коопсуздук талаптары сакталган эмес. Мыйзамсыз тартылган электр чубалгылары да энергетиктер тарабынан үзүлдү.
Адистер мыйзамсыз жана эски ыкма менен кен казуу адам өмүрүнө олуттуу коркунуч жаратарын белгилешти. Мындай шахталарда коопсуздук шарттары камсыздалбагандыктан, буга чейин адам өлүмү менен аяктаган окуялар катталган.
Ошондой эле жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү жана эскертүү иштери жүргүзүлдү. Мыйзам бузуулар кайталанса, тиешелүү чаралар көрүлөрү айтылды.
«Маркай» тилкесиндеги мыйзамсыз иштетилип жаткан 8 шахта жабылды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















