Бишкекте мурдагы жубайына зомбулук көрсөткөн шектүү кармалды
Бишкек шаарында мурдагы жубайына зомбулук көрсөткөн деп шектүү кармалды. Бул тууралуу 12-февралда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-февралда 1992-жылы туулган М.Э. аттуу жаран мурдагы жолдошу анын убактылуу жашаган дарегине келип, орой сөздөрдү айтып, колдорун бурап, күч колдонгонун билдирген.
Буга чейин жабырлануучу милицияга ушундай арыз менен беш жолу кайрылган. Бул фактылар боюнча шектүүгө карата административдик чаралар колдонулган, бирок ага карабастан ал мыйзамсыз аракеттерин токтоткон эмес.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 1-бөлүгү (Кыйноо) менен кылмыш иши козголду. Ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде 1989-жылы туулган А.А. аттуу шектүү кармалды. Учурда тергөө иштери улантылууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















