super.kg logo

Бишкек мэриясына жаңы автобустар жана атайын техникалар тапшырылды

 

Бүгүн, 12-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек мэриясына 95 жаңы автобустун жана 42 даана атайын техниканын ачкычтарын тапшыруу аземине катышты.

Иш-чара №1 кампанын аймагында өткөнүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Анда Адылбек Касымалиев муниципалдык ишканаларды техникалык жактан чыңдоо боюнча иштер улантыларын белгилеген. Ал шаардык кызматтардын кызматкерлерин жаңы техниканы жоопкерчилик менен пайдаланууга, ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга чакыран.

"Ар бир транспорт каражаты жана техниканын ар бир бирдиги – шаар тургундарына кызмат кылган маанилүү ресурс. Сактык менен жана туура пайдалануу, элдин ишенимин актоо – ар бириңиздердин түздөн-түз милдетиңиздер",- деген айткан ал жаңы автобустар жана атайын техника шаардын өнүгүшүнө кошумча түрткү берерин, муниципалдык кызматтардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, алардын ишин жеңилдете турганын кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: