super.kg logo

Нурсултан Назарбаевдин жубайы ооруканадан чыгарылды

 

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Укибай экс-президенттин жубайы Сара Назарбаеванын январь айында ооруканадан чыгарылганын билдирди.

Анын айтымында, Назарбаева былтыр апрель айынан бери Алматыдагы президенттин мүлкүн башкаруу департаментинин медициналык борборунун Улуттук ооруканасында дарыланып келген.

"Ошол мезгилде ал катуу инфаркты башынан өткөргөн. Дарыгерлер коронардык артерия оорусун, узак мөөнөттүү жана оор диабеттен улам жүрөк жана өпкө жетишсиздигин, ошондой эле өнөкөт бөйрөк жетишсиздигин аныкташкан",- деп белгиледи Укибай.

Ал Сара Назарбаева көп убакыттан бери жасалма дем алдыруучу аппаратта жатканын, учурда Алматыдагы үйүндө медициналык кароодо экенин кошумчалады.

Эске салсак, 2025-жылдын май айында социалдык тармактарда Сара Назарбаеванын өлүмү тууралуу сөздөр тараган. Андан кийин Укибай бул маалыматтарды четке кагып, ооруканада экенин тактаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: