Түштүк Кореянын чалгын кызматы Түндүк Кореяда мураскер дайындалганын жарыялады
Түштүк Кореянын Улуттук чалгындоо кызматы Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын кызы Ким Чжу Э анын мураскери болуп дайындалуу этабына киргенин аныктады. Бул тууралуу Түштүк Кореянын депутаттарына шилтеме берүү менен Рёнхап маалымат агенттиги жазды.
Маалымат 12-февралда парламенттин чалгындоо комитетинин жабык жыйынында берилген. Чалгын кызматы Ким Чжу Э өлкө үчүн маанилүү иш-чараларга, мисалы, армия күнүн белгилөөгө жана Кумсусан Күн сарайына барууга катышканын билдирген . Ал ошондой эле айрым саясий маселелер боюнча талкууларга катыша баштаган. Ошондой эле Чалгын кызматы отчётунда Ким Чен Ындын кызы жөнүндө сөздөрүн өзгөрткөн. Кызмат мурда "мураскерди даярдоо" деген терминди колдонгон болсо, бирок бүгүн "мураскерди дайындоо этабы" деген терминди колдонгон.
Ким Чжу Энин так жашы белгисиз. Бирок Түштүк Кореянын Чалгындоо кызматы анын 2013-жылы төрөлгөнүн болжолдоодо. Алар ошондой эле Ким Чен Ын менен анын жубайы Ри Соль Чжунун уулу жана кийинки баласы бар экенин аныкташкан. Кичүүсүнүн жынысы белгисиз.
Ошол эле учурда Түштүк Кореянын расмий өкүлдөрү жана эксперттери Ким Чжу Э чындыгында өлкөнүн лидери боло алабы деген күмөн саноолорун билдиришүүдө. Анткени 41 жаштагы Ким Чен Ын жаш, ден соолугунда олуттуу көйгөйлөр жок жана башка балдары бар экени белгиленет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















