Эпштейн тирүүбү? Түркияда ага окшош адам табылды
Түркиянын тургуну Рыфат Өздемир чуулгандуу финансист Жеффри Эпштейнге окшоштугунан улам көйгөйлөргө туш болуп жатканын айтты.
Ал акыркы учурда көчөдө адамдар ага жагымсыз көз караш менен карай башташканын айтат. Андан тышкары, Өздемир бул окшоштуктан улам чет өлкөгө саякаттоодон баш тарткан.
"Мен чет өлкөгө барууну пландап жаткам. Бирок азыр Эпштейн боюнча жаралган кырдаалдан улам бардык пландарымдан баш тарууга аргасыз болдум",- деди ал.
Өздемир өз өлкөсүндө ал Эпштейн эместигин түшүндүрө аларын, бирок чет өлкөдө кыйынчылык жараларын кошумчалаган.
Эске салсак, 30-январда АКШнын Юстиция министрлиги Эпштейндин кылмыштар боюнча досьесинен 3 миллиондон ашык барак документи, ошондой эле 2000ден ашык видеону жана 180 000 сүрөттү жарыялоону аяктады. Алардын арасында ар кайсы өлкөлөрдөн келген падышалык үй-бүлө мүчөлөрүнүн, көрүнүктүү мамлекеттик кызматкерлердин, бизнесмендердин, дипломаттардын жана окумуштуулардын ондогон аттары бар. Финансисттин тааныштарынын арасында АКШнын 42-президенти Билл Клинтон жана азыркы Вашингтондун администрация башчысы Дональд Трамп кездешет.
Эпштейндин толук досьесин жарыялоо Конгресс тарабынан 2025-жылдын ноябрында кабыл алынып, АКШнын азыркы лидери тарабынан кол коюлган мыйзам менен талап кылынган. АКШда Эпштейнге каршы козголгон кылмыш иши ал 2019-жылдын август айында түрмө камерасында өзүн-өзү өлтүргөндөн кийин токтотулган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















