super.kg logo

Жалал-Абадда курулуш графигин сактабаган подряддык уюмга эскертүү берилди

 
Жалал-Абад облусунда курулуш графигин сактабаган подряддык уюмга эскертүү берилди. Бул тууралуу 12-февралда Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү инспекторлор Токтогул районунун Абышов көчөсү 52 дарегиндеги 140 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулуш иштери текшерген. Текшерүү учурунда жер кыртышын катмарлап таптап бекемдөө иштери аяктап, учурда тегиздөө процесстери жүрүп жаткандыгы аныкталды.
Бекитилген иш өндүрүшүнүн графигине ылайык, бетон иштери 2026-жылдын январь айында башталышы керек болчу. Бүгүнкү күнгө карата подряддык уюм тарабынан бетон куюу иштери башталган эмес, бул белгиленген мөөнөттөрдөн артта калууну шарттайт.
Натыйжада келишимдик милдеттенмелердин жана курулуш графигинин бузулушу боюнча тиешелүү актылар түзүлуп, подрядчыга графиктен артта калууну тез арада четтетүү жана жумуштун ыргагын жогорулатуу боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: