super.kg logo

Таиланд 90 өлкөнүн жарандары үчүн туристтик визаны кыскартууну көздөп жатат

 

Таиланд 93 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартууну көздөп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Туризм жана спорт министрлигине таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

Министрликтин маалыматында, бул чара өлкөдөгү туризм тармагына терс таасирин тийгизбейт. Анткени чет элдик туристтер Таиландда орточо эсеп менен бир айдан аз убакытка келишет. Ал эми туризм тармагынын өкүлдөрү алыскы өлкөлөрдүн туристтери Таиландда 14 күндөн 21 күнгө чейин болушарын, коңшу өлкөнүн саякатчылары бир жумадан аз убакытка гана келишерин белгилешкен.

Чет өлкөлүк жарандар үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн кыскартуу маселеси Таиланд бийлиги тарабынан өткөн жылы талкууланган. Мындай чечим өлкөдө көмүскө бизнестин мүмкүнчүлүктөрүн кыскартуу максатын көздөгөн. Бирок учурда мындай чечим кабыл алына элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: