Бишкекте курулуш талаптарын бузган компанияга айып пул салынды (видео)
Бишкекте курулуш талаптарын бузган компанияга 400 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу 12-февралда Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Коперник көчөсү 26/1 дарегинде 9 кабаттуу турак жай комплекси жана Жайыл Баатыр көчөсү 50а дарегиндеги 14 кабаттуу турак жайдын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.
Аталган объекттерде курулуш ченемдеринин талаптары жана “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдын жоболору бузулгандыгы маалым болду. Ошондой эле объекттин бирдиктүү паспорту илинбей, техникалык коопсуздук талаптары сакталган эмес.
Натыйжада, курулуш компаниясына карата текшерүү актысы түзүлүп, протоколдун негизинде 400 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Министрлик курулуш тармагында иш алып барган бардык уюмдарды жана жеке жактарды курулуш талаптарын, эрежелерин так сактоого чакырат.
Бишкекте курулуш талаптарын бузган компанияга айып пул салынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















