super.kg logo

Эдил Байсалов университеттерди тездетүү менен модернизациялоо башталарын жарыялады

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, ал жаңы министрликтин түзүлүшү өлкө жетекчилигинин жогорку билим берүүнү жана илимди терең модернизациялоого багытталган аң-сезимдүү кадамы болгонун белгилейт.

"Министрликтин алдына өтө ачык милдет коюлду – университеттерди таланттарды тартуу борборуна, заманбап билимдердин булагына жана өлкөнүн ондогон жылдарга өнүгүүсүнүн негизги локомотивине айландыруу",- деди Байсалов.

Ал президенттин бир катар жогорку окуу жайларга өзгөчө макам берүү жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу тууралуу айтып жатып, натыйжалардын ар кандай деңгээлин белгилеген.

"Берилген мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып, реалдуу прогресске жетишкен мекемелер бар. Бирок түшүндүрмөлөрдү жана чечимдерди күтүп жаткандар дагы деле бар. Күтүү убактысы бүттү",- дейт Байсалов.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: