Бишкекте алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүргөн жашыруун цехтер аныкталды (видео)
Бишкек шаарында алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүргөн жашыруун цехтер аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-фералда Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, цехтердин имараттарын текшерүү учурунда 902 литр спирт, 381 бөтөлкө арак, 43 литр суюлтулган спирт, стакандагы аракты куюу жана өндүрүү үчүн жабдуулар, ошондой эле 164 даана жасалма акциздик марка аныкталды. Өндүрүш уруксат берүүчү документтери жок, алкоголдук продукцияларды чыгарууга лицензиясы жок, акциздик маркаларысыз жана акциз салыгын төлөбөстөн ишке ашырылган. Бул фактылар боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Ошондой эле рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылында "Макколли" аз алкоголдуу суусундугун мыйзамсыз өндүргөн цех аныкталды. Бул продукция уруксат берүүчү документтерисиз, алкоголдук продукция өндүрүүгө лицензиясы жок, акциз салыгын төлөбөстөн өндүрүлгөнү белгилүү болду. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, административдик айып пул салынды.
Бишкекте алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүргөн жашыруун цехтер аныкталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















