super.kg logo
  Саясат  

Казакстандын ТИМ башчысы Кошербаев Кыргызстанга расмий сапар менен келет

 

Казакстандын тышкы иштер министри Ермек Кошербаев бүгүн, 12-февралда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул жөнүндө ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Сапардын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуу пландалган.

Кыргызстандын ТИМ башчысы Кулубаев менен болгон жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык, транспорт-логистикалык, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашат.

Мындан тышкары, министрлер эки мамлекеттин башчылары тарабынан жетишилген макулдашуулардын аткарылышы, 2026-жылга карата жолугушуулар менен сапарлардын графигин, ошондой эле аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү карап чыгышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: