super.kg logo

Каракол шаарында ок атуучу куралдар сакталган жашыруун жай табылды

 

Каракол шаарынын Пристань-Пржевальск кичи районунда курал катылган жашыруун жай аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, 12 калибрлүү 1 даана мылтык , 1 даана тапанча, 1 даана колго жасалган согуштук револьвер, 1 даана травматикалык тапанча, ошондой эле аларга тиешелүү ок-дарылар жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин формасы табылды.

УКМК аталган жашыруун жай маркум Качы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык болгонун билдирди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат жана тиешелүү экспертизалар дайындалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: