super.kg logo

Түштүк Кореяда экс-министрге карата сот чечими чыкты

 

Түштүк Кореянын мурдагы ички иштер министри Ли Санг Мин төңкөрүшкө катышкан деген айып менен жети жылга эркинен ажыратылды. Чет элдик маалымат агенттиктери жазгандай, мындай чечимди Сеулдун Борбордук райондук соту кабыл алган.

Экс-министр 2024-жылдагы козголоңго катышкан деп айыпталууда.

"2024-жылы декабрь айында Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль республикада аскердик абал киргизген. Ал муну Түндүк Кореянын коммунисттик күчтөрүнүн коркунучунан өлкөнү коргоо менен байланыштырган. Асердик абал бир күндөн кийин жокко чыгарылган. Көп өтпөй Юн Сок Ёлго импичмент жарыяланган. Ушул жылдын январь айында Юн Сок Ёлге карата сот чечими чыгып, 5 жылга эркинен ажыратылган",- деп жазылат анда.

Соттун маалыматы боюнча, өлкөдө төңкөрүш уюштуруу аракети учурунда 61 жаштагы Ли Санг Мин полиция менен өрт өчүргүчтөргө маалымат каражаттарынын кеңселерине электр жарыгын жана сууну өчүрүүнү буйруган. Мурдагы министр бул айыптоолорду четке кагууда.

Прокурорлор Ли Санг Минди козголоң уюштурууда чечүүчү роль ойногон деп айыптап, 15 жылга эркинен ажыратууну талап кылышкан.

Ли Санг Мин 2025-жылдын август айында кармалган.










 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: