Жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын коркутуп, акча алып жүргөндөр кармалышты
Жүк ташуучу айдоочулардан акча талап кылган кылмыштуу топтун 2 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, алар 15 жыл бою чет өлкөлүк жарандардан мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын чогултуу менен алектенип келишкен. Тагыраагы, коркутуу аркылуу "Дордой" соода комплексинен коңшу мамлекеттерге жүк ташыган жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын опузалап турушкан. Алар жүктүн ар бир баштыгына жана ар бир жүк ташуучу унаа үчүн өзүнчө акча алып келишкен.
Ошондой эле алардын бири укук коргоо органдарындагы тааныштарын пайдаланып, буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганы аныкталган. Мындан тышкары, анын кылмыштуу чөйрөгө тиешеси бар адамдар менен, анын ичинде маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу жана маркум Рыспек Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу менен тыгыз байланышы тастыкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иштери уланууда.
Жүк ташуучу айдоочулардан акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















