Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин өмүр баяны
Бүгүн, 12-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар парламент төрагалыгына эл өкүлү Марлен Маматалиевдин талапкерлигин жактырышты.
Добуш берүү жашыруун өтүп, ага 83 эл өкүлү катышып, 77 депутат макулдугун беришкен.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн кызматын тапшырды.
Жаңы шайланган төраганын өмүр баяны:
Марлен Мамталиев 1981-жылы 24-мартта Бишкек шаарында туулган.
Билими:
- 1998 – 2002-жылдары – Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетинде автоматташтыруу жана башкаруу адистиги боюнча - бакалавр даражасы;
- 2002 – 2003-жылдары – Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетинде техникалык системалардагы автоматташтыруу жана башкаруу адистиги боюнча – жогорку билим (магистратура);
- 2009 – 2010-жылдары – Кыргыз экономикалык университетинде финансы жана кредит адистиги боюнча – жогорку билим;
- 2011-жылы - Civil Service College Сингапур адам ресурстарын башкаруу;
- 2019 – 2023-жылдары – Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде техникалык системалардагы автоматташтыруу жана башкаруу – аспирантура, техникалык илимдердин кандидаты;
- 2024-жылдары – Кыргыз экономикалык университетинде докторантура (PHD), экономика багыты боюнча;
- 2024-жылы – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде юриспруденция, жарандык-укуктук иш багыты боюнча – экинчи жогорку билим;
- 2024-жылы – Орусия президентине караштуу Орусия эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат академиясында (РАНХиГС) жетекчилер үчүн мамлекеттик башкаруунун чебери.
Иш тажрыйбасы:
- 2003 – 2006-жылдары – Социалдык фонд, Маалыматтык системалар башкармалыгынын башчысы, Башкармалыктын башчысынын орун басары-программалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, Программалык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси, Программалык камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
- 2006 – 2008-жылдары – Финансы министрлиги, Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
- Май 2008-жылы– декабрь 2008-жылы – Финансы министрлиги, министрдин жардамчысы;
- 2007 – 2009-жылдары – Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги, Уюштуруу-кадрдык иштер жана финансылык камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы; Министрдин кеңешчиси; Министрдин жардамчысы;
- 2009 – 2010-жылдары– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараты, биринчи-вице-премьер-министрдин кеңешчиси;
- Август 2010 – ноябрь 2010-жылы – "Ар-Намыс" саясий партиясы, аппарат жетекчиси;
- 2010 – 2011-жылдары – Жогорку Кеңеш, "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынын бөлүм башчысы;
- 2011 – 2012-жылдары – Экономикалык тескөө министрлиги, статс-катчы, башкармалыктын башчысы;
- 2012-жылы – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараты, Реалдуу сектор бөлүмүнүн башчысы;
- 2013 – 2016-жылдары – "СУ-12" ишканасы, Башкармалыктын төрагасы;
- 2016 – 2018-жылдары – "Аллор Строй Сервис" ЖАКсынын башкы директору, "Азия молл" соода борборунун башкы директору;
- 2018 – 2021-жылдары – Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты, Жогорку Кеңештин Бюджет жана фискалдык саясат боюнча комитети;
- 2021-жылы – Жогорку Кеңештин VII чакырылыштагы депутаты, "Ынтымак" фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети.
- 2025-жылы Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты, "Элдик" депутаттык тобу
Сыйлыктары:
- "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун отличниги";
- "Финансы-экономикалык кызматтын отличниги";
- "Соода-экономикалык иштин отличниги";
- Кыргыз Республикасынын премьер-министринин энчилүү сааты;
- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ардак грамотасы;
- Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы;
- Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы;
- Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигинин Ардак грамотасы;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ардак грамотасы;
- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы.
- "ЖККУ Парламенттик кызматташтыгын чыңдоо үчүн" медалы;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын "КМШ ПАА 30 жыл" төш белгиси;
- "Кыргыз Республикасынын Конституциясына - 30 жыл" юбилейлик медалы;
- "Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын "Мыйзамдуулукту чыңдоого кошкон салымы үчүн" медалы;
- Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын ыраазычылык каты;
- Кыргыз Республикасынын дүлөйлөр спорттук кыймылы Уюмунун президентинин ыраазычылык каты;
- Бизнес ассоциациясынын ыраазычылык каты;
- Жалал-Абад облусунун Арстанбап айыл аймагынын ардактуу атуулу.
- Самбо боюнча спорт чеберине талапкер, Бишкек шаары боюнча Самбо федерациясынын президенти.
Класстык чени:
Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















