Аскердеги альтернативдик кызмат боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды
Альтернативдик кызмат үчүн белгиленген төлөмдөрдүн өлчөмүн аныктоого байланышкан мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Коргоо министри Руслан Мукамбетовдун айтымында, аталган мыйзам долбоору альтернативдик кызмат өтөп жаткан жарандар үчүн төлөнүүчү каражаттардын өлчөмүн так аныктоо максатында иштелип чыккан. Ошондой эле мобилизациялык резервдик жыйындарга жана запастагы офицерлерди даярдоо программасынын алкагындагы мобилизациялык резервдик жыйындарга катышкандыгы үчүн белгиленген төлөмдөрдүн өлчөмүн аныктоо да мыйзам долбоорунун негизги максаттарынын бири болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
16:10
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















