super.kg logo
  Саясат  

"Бөлүнбөй иштейбиз..." Парламенттин жаңы төрагасы сөз сүйлөдү (видео)

 

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Марлен Маматалиев парламенттин жаңы төрагасы болуп шайланды.

Жаңы спикер парламенттин трибунасында сөз сүйлөп, алдыдагы иш-пландары менен бөлүштү. Алгач өлкө башчысы Садыр Жапаровго жана эл өкүлдөрүнө ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Маматалиев мындан ары өлкөдө аткарыла турган иштерди депутаттар менен биргеликте алып барарын белгиледи. Ошондой эле парламенттин аппарат кызматкерлерине кайрылып, бардык эл өкүлдөрүнө бирдей жана калыс мамиле кылууну тапшырды.

"Мамлекетибиз бир. Аймактарга бөлүнүүгө бөгөт коёлу. Аппарат кызматкерлерине биринчи тапшырмам - ар бир депутатка бирдей мамиле кылгыла. 90 депутатыбыздын баары бирдей. Бир командабыз, бир жумушту алып барабыз деп ойлойм",- деди төрага.

Маматалиев сөзүн улай мурунку төрага Нурланбек Тургунбек уулунун жакшы кызмат кылганын белгилеп, анын иши улана тургандыгын кошумчалады. Ошондой эле парламент артыкчылыктуу багытты көздөй тургандыгын билдирди.






Парламенттин жаңы төрагасы келечектеги артыкчылыктуу багыттарды атады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: