super.kg logo
  Саясат  

"Чайкаларды чогултпай..." Кокулов Маматалиевге кеңеш айтты

 

Бүгүн, 12-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов парламенттин төрагалык кызматына шайланган Марлен Маматалиевди бардык эл өкүлдөрүнө тең мамиле кылууга чакырды.

Ал депутат болуп келгени төраганы эч кимдин көрсөтмөсү жок эле депутаттар өздөрү шайлашкан учурду биринчи жолу көрүп жатканын белгиледи.

"Менин тарыхымда биринчи жолу спикерди өзүбүз шайладык. Эч ким бизге спикерди көрсөтүп берген жок. Мен ошону бүгүн көрдүм. Мен ушундай адам экенмин, эми мени Кудай ушундай жаратыптыр, кеткенине деле пахта коё бербейт экенмин, келгенине деле пахта коё бербейт экенмин. Айтайын дегеним, Марлен Абдырахманович, аманатты алып кетесиз деп ойлойм.

Өкмөткө болобу же депутаттарга болобу тең карап, жаныңызга эч кандай "чайкаларды" чогултпай, жакшы иштеп бересиз деген ишеничтемин",- деди Кокулов.






Эрулан Кокулов Маматаливди тең мамиле кылууга чакырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: