Бишкектеги 7-апрель көчөсүндө жарылган жылуулук түтүгү оңдолууда

Бишкектин 7-апрель көчөсүнүн Медеров жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосундагы жылуулук түтүгүндө жаралган авариялык мүчүлүштүк жоюлууда. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Ал үчүн эски түтүк убактылуу өчүрүлүп, аны камтыган альтернативдүү түтүккө кошуу иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, авария катталган учурдан тартып шаар тургундарына жылуулук берүү токтотулган жок. Болгону жылуу суу кыска мөөнөткө өчүрүлүп, азыркы учурда этап-этабы менен берилүүдө. 5-кичирайондо жылуу суу толугу менен иштеп жатат. Ал эми башка жогорку райондорго 4 саат ичинде толугу менен жылуу суу берилет.
Аварияны жоюу иштерине 5 бирдик атайын техника тартылган.
"Жаңы түтүктү орнотуу иштерин мүмкүн болушунча бир күндүн ичинде бүтүрүү үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөт",- дешти мэриядан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















