Акыйкатчы Токмок шаарынын тургундары менен жолугушту
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Чүй облусунун Токмок шаарында жергиликтүү тургундар менен ачык форматта жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага Ысык-Ата, Чүй, Кемин райондорунан жана Токмок, Кант шаарларынан 200дөн ашуун жаран катышты.
Жолугушууда алгач Акыйкатчы институтунун мандаты жана ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди. Акыйкатчынын айтымында, институтка жыл сайын 10 миңге жакын кайрылуу түшөт.
“23 жыл ичинде биринчи жолу Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген акыйкатчынын сунуштарынын 70 пайызы аткарылды. Бул биздин ишмердүүлүгүбүздүн натыйжалуулугун көрсөтөт. Бизге келип түшкөн ар бир арыз боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, укук бузуулар аныкталган учурда чара көрүү актылары жөнөтүлөт”,- деди акыйкатчы.
Жолугушуу учурунда тургундар негизинен социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү көтөрүштү. Кайрылуулардын көпчүлүгү майыптыгы бар жарандардан жана алардын ата-энелеринен түштү. Алар шаарда шарттардын жетишсиздигин, жөлөкпулдардын аздыгын, мектептерде атайын мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн шарттар жоктугун белгилешти. Ошондой эле адистештирилген борборлорду ачуу өтүнүчү айтылды. Ал эми, аутизими бар балдардын ата-энелеринин айтымында, мындай наристелерди билим берүү мекемелерине алышпайт. Мындан тышкары, медициналык-социалдык экспертизадан өтүүдө кыйынчылыктар бар экени айтылды.
“Текшерүүдөн өткөрүү үчүн кыймылы жок баланын өзүн алып келиш керек деген талап бар. Бул бизге кыйынчылыктарды жаратып жатат. Менин балам чоң болгондуктан аны алып келүү кыйын, коомдук транспорт албайт, такси менен келиш үчүн көп акча кетет. Алыс жайгашкан айылдардан келген ата-энелердин бир топ каражаты кетип калып жатат”,- деп билдирет аял.
Тургундар паспорт алуудагы тоскоолдуктарды, айрым документтердин жоктугунан жарандык документ ала албай жүргөн учурларды да көтөрүштү. Ошондой эле турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин жетишсиздиги, жерлерди трансформациялоо процессинин жай жүрүшү жана жетим балдар үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай бөлүү маселеси айтылды. Аламүдүн районунун тургундары Боз-Бөлтөк айылындагы карьердин иши экологияга зыян тийгизип жатканын билдиришти.
Акыйкатчы ар бир кайрылуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөрүн белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында 30дан ашуун жазуу жүзүндөгү арыз кабыл алынып, 15 жаранга оозеки укуктук кеңеш берилди. Жамиля Жаманбаева “Укук Кербенинин” биринчи сапарынын алкагында Ысык-Көл жана Нарын облустарына да барат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















