super.kg logo

Песков: "Путиндин позициясы өзгөргөн жок"

 

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украина лидери Владимир Зеленский менен мүмкүн болгон сүйлөшүүлөр боюнча позициясы өзгөргөн жок. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песковго шилтеме берүү менен Орусия басылмалары жазышты.

Анын айтымында, Зеленский катышкан сүйлөшүүлөр Москва шаарында гана өтүшү мүмкүн. Песков бул маселе боюнча жаңы жагдай жок экенин белгилеп, Зеленский буга чейин да Москвага барбай турганын бир нече жолу айтканын эске салды.

Бул Путиндин баарына белгилүү позициясы. Зеленский буга чейин да ушундай билдирүү жасаган. Бул жерде эч кандай жаңылык жок”,- деди Песков брифинг учурунда.

Белгилесек, 11-февралда Владимир Зеленский Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр үчүн Москвага барбай турганын билдирген. Ошондой эле ал Беларусь аймагында да сүйлөшүү өткөрүү мүмкүнчүлүгүн четке каккан.

Ал эми буга чейин Times of Ukraine онлайн-басылмасы украин бийлиги сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Москвага делегация жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын жазган. Маалыматка ылайык, коопсуздук кепилдиги катары АКШнын президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф жана АКШнын лидеринин күйөө баласы Жаред Кушнер катышышы мүмкүн экени айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: