Садыр Жапаров Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын президентин кабыл алды
Бүгүн, 12-февралда президент Садыр Жапаров Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын президенти Цзоу Цзяини кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, өлкөнү индустриялаштырууга, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын транзиттик потенциалын чыңдоого багытталган масштабдуу долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, ошондой эле айыл чарба жана энергетика тармактарындагы артыкчылыктуу демилгелерди колдоо перспективалары талкууланды.
Жапаров транспорттук инфратүзүмдөрдү жана логистиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстанды региондук хабга айландыруу стратегиялык максат экенин белгиледи. Ал ушул тармактагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, экономикалык өсүш үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн айтты.
Ошондой эле Президент электр энергиясынын тартыштыгын жоюу артыкчылыктуу милдеттердин бири экенин белгилеп, генерацияны өнүктүрүү, энергетикалык инфратүзүмдү модернизациялоо жана энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу пландарына токтолду.
Өз кезегинде Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын президенти Цзоу Цзяи Кыргызстанды стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири катары карай турганын айтып, республика Банктын негиздөөчү өлкөлөрүнүн бири экенине токтолду. Ал өлкөдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясатка жогору баа берип, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу динамикасы байкалып жатканын айтты. Айрыкча “Камбар-Ата – 1” ГЭСин куруу долбооруна өзгөчө көңүл бурулду. АИИБ башчысы бул долбоор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоодо чоң мааниге ээ экенин белгилеп, Банк аны каржылоого катышуу мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экенин билдирди.
Мындан тышкары Цзоу Цзяи “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун колдоо мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө даярдыгын билдирип, мындан ары иштеп чыгуу үчүн кыргыз тараптан так сунуштарды күтөөрүн айтты. Жолугушуунун жыйынтыгында ал АИИБ Кыргызстанды өнүктүрүүгө жана артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталган каржылык механизмдерди жана инструменттерди мындан ары да карап чыгууну улантарын белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
10:01
2026-02-13
9:37
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















