super.kg logo
  Саясат  

Молдокматов саясий кырдаал Нурланбек Тургунбек уулунун айынан чыңалды дейт

 

Нурланбек Тургунбек уулунун Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетиши Камчыбек Ташиевдин УКМКнын төрагалыгынан алынуусуна жана президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү боюнча көтөрүлгөн демилгеге негизделген.

Бул тууралуу саясатчы Жеңиш Молдокматов "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө билдирди.

"Тургунбек уулунун буга чейинки кылгандары өзүнүн кызматтан кетүүсүнө түрткү болду. Саясий интриганы 75 адамдын кайрылуусунун алдында эле Нурланбек Тургунбек уулу баштаган. Нүзүп бийдин эстелигин ачууда "Камчыбек Кыдыршаевич биздин аталык" деп саясий интриганы ачыктап берген. Бул түздөн-түз президентти Шералыга теңегендик. Мына ошондон баштап анан күчөдү. Байсалов (ред.: министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары) тирешти жанындагылар күчөттү деп ачыктады го",- деди ал.






Молдакматов азыркы саясий кырдаал Нурланбек Тургунбек уулунан келип чыккан дейт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: