Караколдо муз жарылып, эки адам сууга түшүп кетти (видео)
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында муз жарылып, эки адам сууга түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, 16 жаштагы кыз жана 29 жаштагы жигит муздун үстүндө бара жатканда ал жарылып, сууга түшүп кетишкен. Сууга чөгүп кете жаздашкан.
Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары ыкчам жетип барып, жабырлануучуларды суудан алып чыгышты.
Министрлик алардын куткарылган учуру тартылган видеону жарыялады.
Караколдо муз жарылып, эки адам сууга түшүп кетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















