super.kg logo

Индияда жолдошунун көңүлдөшү бар экенин билип калган министрдин жубайы көз жумду

 
Министр өз кылыгын алгач хаккерлер жарыкка чыгарды деген ойдо болгон. Ал эми анын жубайы эл алдында бул анын колунан келгенин ачык эле айткан.

16-январда Индиянын адам ресурстары боюнча өнүктүрүү министри Шаши Тарурдун көңүлдөшү бар экенин анын жубайы Сунанда Пушкар социалдык тармактар аркылуу жар салган эле. Кечээ, 21-январда чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, бул окуядан көп өтпөй ал көз жумду.

Сунанда Пушкардын жансыз денеси Делидеги мейманканалардын биринде денелериндеги тактары бар абалда табылган. Бирок экспертизага катышкан дарыгерлер бул тактар өлүмгө себеп болгонун кесе айтышкан эмес. Өлүмдүн себептери азыр иликтенүүдө. Дарыгерлер маркумдун организминде ууландыруучу каражат болбогонун жар салышты.   

Окуянын башаты социалдык тармактагы чырга барып такалат. Анда Сунанда жолдошунун аккаунту аркылуу анын баракчасына кирип, жолдошу пакистандык Мехр Тарар аттуу журналист кыз менен мамилелеш экенин жазган. 

Андан соң бул окуя унутулуп, Сунанда менен министр Шаши бактылуу экендиктерин, мындай уруштар чанда катталып турарын айтышкан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
23.01.2014. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы эмес эркек болгон сон бироонун алпештеп чонойткон кызын жалпы жоопкерчиликти мойнуна алып никелеп алган сон бактылуу кылуу жана аны азапка салуу бул эркеке тиешелуу озубуздо да эже карындаштарыбыз бар
23.01.2014. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
femida, Туура айтасын.
23.01.2014. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озунун аялы жакшынакай болуп турат го ,балээ барбы башка аялга коз салып...
25.01.2014. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздикилер болгондо бетин жулуп тиги экоон олтурмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: