super.kg logo

Төрага Марлен Маматалиев парламенттин аппараты менен жыйын өткөрдү

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин аппаратынын жетекчилери жана бөлүм башчылары менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында төрага парламенттин ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды коюп, айрыкча санариптештирүү маселесине өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

"Мыйзам чыгаруу жана документ жүгүртүү процессинде кагаз түрүндөгү материалдар көп колдонулуп келет. Ошондуктан кагаз чыгымдарын кыскартып, санариптештирүүгө басым жасашыбыз керек", — деди Марлен Маматалиев.

Ошондой эле төрага коомдогу негизги көйгөйлөр менен маанилүү маселелер парламенттин сыртында эмес, тиешелүү тараптардын түз катышуусунда Жогорку Кеңештин ичинде талкууланышы зарыл экенин белгиледи. Бул максатта парламентте атайын талкуу аянтчасын уюштурууну сунуштап, өзү да мындай талкууларга активдүү катышып турарын билдирди.

Мындан тышкары жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгилеп, бул багытта да алгылыктуу иштерди жүргүзүү тапшырмасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: