super.kg logo

Мэр Айбек Жунушалиев: "Биздин максатыбыз – Бишкекти заманбап, кооз, коопсуз жана ыңгайлуу шаарга айлантуу"

 

Бишкек шаарында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында шаардык мэриянын "2025-жылга карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2026-жылга коюлган милдеттер" аттуу коллегиясынын жыйынтыктоочу жыйыны өттү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, жыйынга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев, мэрдин орун басарлары, коллегия мүчөлөрү жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

Шаар башчысы 2026-жылга карата мэриянын негизги максаттарын жана артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

"Шаарыбыз өнүгүү жолунда жана бул процесс жаңы милдеттерди, ошондой эле бир катар чакырыктарды жаратат. 2026-жыл – борбор калаа үчүн масштабдуу өзгөрүүлөрдүн жана олуттуу жакшыртуулардын жылы болот. Биздин максатыбыз — Бишкекти тургундар сыймыктанган заманбап, кооз, коопсуз жана ыңгайлуу шаарга айлантуу", — деди мэр Айбек Жунушалиев.

Мэриянын 2026-жылга карата негизги багыттары катары төмөнкүлөр белгиленди:

  • жол тыгындарын азайтуу, жол инфраструктурасын өнүктүрүү жана шаардык инновацияларды ишке ашыруу;

  • турак жай-коммуналдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу;

  • социалдык инфраструктураны куруу;

  • башаламан курулуш, жөнгө салынбаган соода жана социалдык коргоо маселелерин чечүү;

  • экологиялык абалды жакшыртуу, смогду азайтуу жана туруктуу шаардык экосистеманы калыптандыруу.

Ошондой эле шаар мэри жетишилген жыйынтыктар мэриянын бирдиктүү командасынын эмгеги менен мүмкүн болуп жатканын белгилеп, анда 18 миңден ашуун кызматкер иштеп, күн сайын шаардагы тазалыкты, тартипти, коммуналдык жана социалдык инфраструктуранын үзгүлтүксүз иштешин камсыздап жатышканын айтты.

"Мэриянын башкы максаты — шаарды туруктуу өнүктүрүү жана ар бир тургун үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Биргеликте Бишкекти заманбап жана жашоого ыңгайлуу шаарга айландырууга багытталган амбициялуу пландарды ишке ашырабыз деп ишенем", — деп жыйынтыктады мэр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: