Родригес: "Мадуро жана анын жубайы күнөөсүз"
Венесуэланын ыйгарым укуктуу президенти Дельси Родригес Боливария Республикасынын башчысы Николас Мадуро жана анын жубайы, биринчи айым Силия Флорес АКШ тарабынан коюлган айыптоолор боюнча күнөөсүз экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Президент Мадуро да, биринчи айым Силия Флорес да — экөө тең күнөөсүз", — деп айтты Дельси Родригес NBC телеканалына берген маегинде.
Анын айтымында, Венесуэланын жетекчилигине карата коюлган айыптоолордун мыйзамдуу негиздери жок.
Эске салсак, 3-январда АКШ Венесуэлага массалык сокку урган. Андан кийин өлкө президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес кармалып, Нью-Йорк шаарына жеткирилгени маалымдалган. Ошондой эле америкалык бийлик Венесуэладан өндүрүлгөн мунайды сатууга көзөмөл орнотуу жана андан түшкөн кирешелерди өз алдынча бөлүштүрүү ниети бар экенин билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















