super.kg logo

Аналитик Apple компаниясы орусиялыктардын аккаунттарын кандай принцип менен бөгөттөп жатканын түшүндүрдү

 

Apple компаниясы АКШнын санкциялык тизмелериндеги маалыматтар менен аты-жөнү дал келген орусиялыктардын аккаунттарын массалык түрдө бөгөттөп жатат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Mobile Research Group компаниясынын башкы аналитиги Эльдар Муртазин билдирген.

Анын айтымында, компания санкциялык тизмелерге түшкөн адамдардын жөн гана аты-жөнү менен дал келген жарандардын аккаунттарын да бөгөттөп жатат.

"Фамилиясы окшош адамдарды, ар кандай жарандарды — тизмеге туш келгендердин баарын бөгөттөп жатышат. Мурда Apple муну тандалма түрдө жасачу, азыр болсо массалык түрдө жүргүзүүдө. Алар паспорт жөнөтүүнү сурашат, ошону менен адам санкциялык тизмедеги адам экенин же эместигин аныкташат", — деди Муртазин.

Ал белгилегендей, колдонуучу санкцияга кабылган адам эмес экенин далилдей алса, аккаунтту кайра ачууга мүмкүнчүлүк бар. Бул үчүн паспорттон тышкары башка документтерди да көрсөтүү талап кылынат.

Аналитик мурда айрым колдонуучулар паспорттун жасалма скриншотторун өзгөртүлгөн маалыматтар менен жөнөтүп, бөгөттөн качып жүрүшкөнүн, бирок учурда алар кайрадан бөгөттөлгөнүн кошумчалады.

"9 миңге жакын жарандан, балким, жүздөгөн же андан да көп адамдар санкцияларга карабастан Apple продукциясын колдонуп келишкен", — деп жыйынтыктады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: