Кыргызстандын башкы консулу менен Түркия ТИМинин өкүлү жолугушуу өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулу Чыңгыз Токтобеков Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Түрк мамлекеттер уюмундагы өкүлү, элчи Уфук Экижи менен Башкы консулдуктун имаратында жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Башкы консулдуктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык жараткан актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты. Башкы консул Чыңгыз Токтобеков элчи Уфук Экижини жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын, ошондой эле эки элдин ортосундагы салттуу жылуу жана достук мамилелерди мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар туруктуу иш байланыштарын сактоо жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча өз ара даяр экендиктерин тастыкташты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















